• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Москвада каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жиберишти, каза болгон экинчи жарандын сөөгүн кийинчерээк жөнөтүшөт. Бул ууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Эске сала кетсек, Россиянын Москва облусундагы “Жуковский” аэропортунун жанында эки кыргызстандыктын сөөгү табылган.

Дипөкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, Москванын Тергөө комитети тарабынан РФ Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Элчиликтин кызматкерлери, РФнын жана КРнын ИИМ өкүлдөрүнүн аракеттешүүсүнүн натыйжасында каза болгон адамдардын өздүгү такталган:

Алар:

  1. М.М.М., 11.01.1981-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну.
  2. Ж.И.Т., 09.10.1980-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну.

Туугандарынын айтымына караганда, М.М.М. сөөгү Кыргызстанга 9-январда жөнөтүлгөн, ал эми Ж.И.Т сөөгүн уруксат алгандан кийин дароо жөнөтүшөт.

Жагдайды КР элчилиги менен РФ жана КР ИИМ өкүлдөрү көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий