• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министри: Майыптыгы бар жарандар иш издечүүчү катары онлайн катталса болот

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри министрлер кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешинин кезектеги 13-отурумуна катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Кеңеш ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саламаттык сактоого, билим алууга, инфраструктурага жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин карайт.

Кезектеги отурумда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана эмгек жаатындагы укуктары, ишке орношуудагы тоскоолдуктар тууралуу маселелер талкууланды.

Гүлнара Баатырованын айтымында, учурда майыптыгы бар жарандар үчүн "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасы ишке ашырылууда.

"Санариптештирүүнүн алкагында калкты, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү максатында Министрлик тарабынан Zanyatost.kg порталы жана "Жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз менен кайрылуу" иштелип чыгып, ишке киргизилген.

Ошол эле учурда майыптыгы бар кыргызстандыктар кесиптик билим алууда жана жумушка орношууда туш болгон тоскоолдуктар дагы эле сакталууда.

Эмгек кодексине ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштурууга, анын ичинде толук эмес жумуш убактысына квота берүү боюнча ченемдер белгиленген", - деп белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий