• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунун аймагында "Ак-Тилек" өткөрмө бекети гана иштеп жатат - Намазалиев

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Чүй облусунун аймагында "Ак-Тилек" өткөрмө бекети гана иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясына бөгөт коюу максатында маданий, массалык, спорттук, майрамдык иш-чара өткөрүү токтотулган.

"Ал эми 28-январдан баштап Чүй облусунун аймагында жайгашкан 5 мамлекеттик көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Ал жерлерде күнү-түнү 28 медкызматкер иштеген. Бүгүнкү күндө "Ак-Тилек" бекети эле иштеп жатат. Анда 9 медкызматкер кызмат өтөөдө. Медкызматкерлер жарандардын дене табын текшерип, каттоо иштерин жүргүзүп, ПЧР, экспресс-тесттерин алып жатышат. 28-январдан 19-мартка чейин облус аймагындагы 5 бекетинен 1 млн 45 миң 294 адам өткөн", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243кө жетти. Алардын ичинен 257си медицина кызматкери. Илдеттен 898 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий