• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Штаб: Түптө үй карантининин эрежелерин бузган жаран обсервацияга алынды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Түп районунун Талды-Суу айылынын 1985-жылкы тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен байланышта болуп, 7-майда үй карантинине жиберилген. Бирок 17-18-май күндөрү үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталган.

Белгилей кетсек, учурда облус боюнча 1 миң 803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияда.

Пикир

Оставить комментарий