• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мектеп окуучулары оор атлетчи Уланбек Молдодосов менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районундагы мектептердин окуучулары Кыргызстандын оор атлетика боюнча эмгек сиңирген спорт чебери Уланбек Молдодосов менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга райондун ар кайсы мектептеринен 120 окуучу, анын ичинде “тобокел тобундагы” балдар катышты.

Спортчу чогулгандардын көптөгөн суроолоруна жооп берип, жолугушуунун катышуучуларына оор атлетиканын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди, ошондой эле өспүрүмдөрдү спортко үндөдү.

Мектеп окуучуларынын жолугушуусу окуяга бай жана кызыктуу болуп, жалпы фотосессия жана кол тамга коюу менен аяктады.

Белгилей кетсек, Уланбек Молдодосов Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык турнирлердин, Азия чемпионаттарынын, Азия жана Ислам оюндарынын жеңүүчүсү жана баш байге ээси, Афина менен Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу.

Пикир

Оставить комментарий