• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Артурбек Жуманазаров ММКФнын төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп Артурбек Жумуназаров дайындалды. Тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу ММКФнын басма сөз кызматы билдирди.

Жуманазаров Артурбек Беренбекович

1966-жылы 22-январда туулган. Билими жогорку. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун «Врач-хирург» адистиги боюнча аяктаган.

1989-1990-жж. Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканасынын базасында интернатура

1990-1992-жж. Бишкек шаардык №1 шаардык клиникалык ооруканасынын врач-хирургу

1992-1996-жж. Жүрөк кан-тамыр тармагы боюнча врач-хирург

1996 -1998-жж. Улуттук кардиология жана терапия борборунун кийин пайда болгон жүрөк кемтигинин хирургиясы бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери 1990-2002-жж. Улуттук кардиология жана терапия борборунун чоңдордун жүрөк хирургиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери

2002-2003-жж. Улуттук кардиология жана терапия борборунун жүрөк кемтигинин хирургиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери

2003-2004-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери

2004-2006-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары

2006-2007 гг. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун кийин пайда болгон жүрөк кемтигинин хирургиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери

2007-2008-жж. Тараз шаарындагы (Казахстан) Жүрөк хирургиясы борборунун операциялык блогунун башчысы

2008-2011-жж. Бишкек шаарындагы Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун врач-хирургу

2011-2012-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун перфузиология лабораториясы менен операциялык блог бөлүмүндө Врач-инфузиолог

2012-2014-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун башкы врачы

2014-2015-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары

2015-2017-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун перфузиология лабораториясы менен операциялык блог бөлүмүнүн башчысы

2017-2020-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары

2020-2021-жылдын март айына чейин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын директору

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар үчүн «Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты эмгеги үчүн» сыйлыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана илим боюнча мамлекеттик агенттиктин I даражадагы диплому

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин отличниги

Пикир

Оставить комментарий