• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Арасында 11 жаш бала бар. Ошко Москвадан кыргызстандыктар учуп келди

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 24-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 159 кыргызстандык учуп келди, арасында 11 жаш бала бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Борттогу орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Элчиликтин кызматкерлеринин, ИММ өкүлчүлүктөрүнүн жана РФ КР өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган комиссия түзгөн. Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий