• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ишкердиктин глобалдык жумалыгын белгилөөдө - анын мааниси кандай?

Экономика 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. 12нен 18-ноябрга чейин Кыргызстан дүйнөнүн 170 өлкөсү менен биге ишкердиктин глобалдык жумалыгын белгилейт. Бул иш-чаранын мааниси, андан катышуучулар эмнелерди күтөрүн бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында уюштуруучулар айтып беришти.

Ишкердиктин глобалдык жумалыгы өлкөнүн ийгиликтүү ишкерлеринин колдоосу астында Enactus жана CAFMI уюмдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүп жатат. Анын алкагында бүткүл Кыргызстан боюнча 40тан ашуун иш-чара өткөрүлүп, ага ар кайсы окуу жайлардан 10 миңден ашуун студент катышат. Аны өткөрүүдөгү башкы максат - жаштарды ишкердикке тартуу.

"Биз СAFMI уюму менен биргеликте Кыргызстанда жаштарды ишкердикке массалык түрдө тартуу максатында иш-чараларды өткөрүү демилгесин көтөрүп чыктык. Бизде статистика боюнча, 500 миңге жакын ишкер каттоодон өткөн. Алардын канча бөлүгү жаштар экенин биз аныктай албайбыз", - деди Enactus уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова.

Бул жумада Кыргызстан боюнча ар кандай интерактивдүү аянтчалар уюштурулуп, 33 университеттин студенттери ишкердиктин сырлары боюнча ийгиликтүү ишкерлерден жоопторду ала алышат жана керек болгон кеңештерин сурап кайрылышса болот.

"Бул жумалык Кыргызстандагы жумушсуздук көйгөйүнө арналган. Ишкердикти өнүктүрүү менен бир катар маселелер чечилет, анын ичинде жаштар үчүн актуалдуу көйгөй - жумушка орношуу тууралуу", - деп кошумчалады Сүйүнова.

CAFMI уюмунун программалык менеджери Азиза Ишмахаметова ишкердиктин глобалдык жумалыгы баарынан мурда ишкердиктин идеяларын жайылтууга арналганын кошумчалады.

"Жыл сайын ар бир өлкө өзүнүн белгилүү бир темасын тандайт. Аны ушул жумалыктын ичинде алдыга чыгарат. Быйыл жумалык Кыргызстанда "Жаштар ишкердикте" ураанынын алдында өтөт", - деди Ишмахаметова.

"КМШ өлкөлөрүндө нөлдөн башталган бизнестин 95 пайызы 5 жылдан ашык убакыт ичинде жабылып калат. Бул статистиканы билип туруп ишкерлер компанияларды ачышат. Ал эми статистика казинодогудан дагы начар. Алар убактыларын, акчаларын коротушат, бирок ишин уланта беришет. Ишкердин кесиби жөнөкөй эмес. Ал күчтүү лидерлик сапаттарды талап кылат", - деди ишкер Асланбек Кененбаев.

Пикир

Оставить комментарий