• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы ишкерлерди качан каржылай баштайт? Жооп

Экономика 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы 22-25-июндан баштап ишкерлерди каржылай баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы бекитилип, жарыяланган.

"Бирок аталган программага катыша турчу банктарды аныктоо үчүн бир жумадай убакыт керек. Алдын ала 22-25-июндан тарта ишкерлерди каржылап баштайбыз", - дейт вице-премьер.

Эскерте кетсек, КРнын өкмөтү "Ишкердик субъекттерин каржылоо" программасын бекиткен. Бул программаны ишке ашыруу экономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоого, ишкердик субъекттерин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий