• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Айыл чарбасын каржылоо - 11". 3,3 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 30.10.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрына карата "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3,3 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Учурда республиканын 7 миң 312 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 283,9 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

Белгилей кетсек, ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында 2013-жылдан баштап КР өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун циклин ишке ашырып жатат. Долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий