• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1-майдан тарта “Каркыра-унаа жолу” көзөмөл жайы ачылат

Коом 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-майынан саат 08:00дөн тарта кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө ачылып, ал аркылуу адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустук чек ара башкармалыгы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Каркыра-унаа жолу” кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу унаадан башка адамдарды, жеңил унааларды, туристтик топторду өткөрүү башталат”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган көзөмөл жайын мезгил-мезгили менен гана 1-майдан 31-октябрга чейин гана иштейт.

Пикир

Оставить комментарий