• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Совет доорундагы эстелик кайрадан Ташкенттин борборуна орнотулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.04.18 /Кабар/. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда ар түрдүү улуттагы 15 баланы асырап алган өзбек үй-бүлөсүнүн эстелиги Ташкенттин борборундагы мурдагы ордуна орнотулат.

24-апрелде шаар администрациясы жубайы Бахри Акрамова менен 1940-жылдары мурдагы советтик өлкөлөрдүн батыш аймактарынан 15 жетим баланы асырап алган темир уста Шоахмед Шомахмудовдун эстелиги аянттагы Эгемендик сарайынын алдында орнотуларын билдирди.

«Эл достугунун символу болгон эстелик Ташкенттин көркүнө көрк кошот. Ал борбордо бир үй-бүлөдөй жашап жаткан ар түрдүү улут өкүлдөрүн ынтымакка, биримдикке чакырат», —деп айтылат билдирүүдө.

Шомахмудовдор согуш жылдары 15 баланы асырап алган, алардын арасында орус, казак, беларус, молдаван, латыш, еврей жана татарлар болгон. “Эл достугу монументи” 1982-жылы орнотулган. 2008-жылы аны Өзбекстандын четине жылдырышкан. Былтыр 9-майга карата эстелик Ташкенттеги “Достук” паркына көчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий