• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматына жыл башынан бери жарандардан 128 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Анын ичинен жазуу жүзүндө – 20 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 92, “ишеним телефонуна” жана “ыкчам байланыш” номерине –16. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 9 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 47 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 72 – ар түрдүү маселелер боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 20 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 24 – тастыкталды, дагы 3 кайрылуу – кароо стадиясында турат.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 43 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2 – ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү, 20 катуу эскертүү алды, 11 – сөгүш, 4 - эскертүү, 1- кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамын бузуулар тууралуу 9 билдирүү болгон, анын ичинен 2 арыз боюнча фактылар тастыкталды, 5 кайрылуу боюнча фактылар тастыкталган жок, 1 кайрылуу кароо стадиясында турат, 1 арыз эске алынды.

Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 46 жаран болду, алардын ичинен 21 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 24 адам, кадрдык маселелер боюнча – 1 жаран болду.

Салык кызматы жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында (0312) 61-31-89 номери боюнча "ишеним телефону", (0779) 61-31-89 “ыкчам байланыш” (Whatsapp) номери, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги, ошондой эле, коомдук кабылдама да иштеп жатат. Жарандар кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы келип түшкөн ар бир даттануулар жана/же кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн кызматтык иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана контролдук сатып алууну жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий