• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу Раимбеков (Зайнабетдинова) көчөсүн оңдоп-түзөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 17.09.23./Кабар/. Ош шаарындагы Ж.Раимбеков (Зайнабетдинова) көчөсүн оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда долбоордун алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап сырдоо, ирригациялык тутумдарды алмаштыруу, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, жер астынан түтүктөрдү өткөрүү, жолду асфальт басууга даярдоо боюнча ар тараптуу иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары, куруучулар тарабынан темир тосмолор, чакан архитектуралык конструкциялар жасалып даярдалууда.

"Оштун мэри аба ырайы жакшы болуп турган шартта, бул жердеги курулуш жумуштарын сапаттуу жана күчөтүлгөн тартипте белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабын койгон", — деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий