• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүүгө багытталган долбоор башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Ли Джонгсу баштаган Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Жогорку Кеңеш менен KOICA`нын ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүү маселеси талкууланып, анын ичинен парламенттин ишин санариптештирүү жаатында мерчемделген долбоорлор тууралуу сөз болду.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын февралында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Корея Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында кыргыз парламенти менен KOICA ортосунда Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүүгө багытталган 8 млн 400 миң долларлык келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 4 жылга белгиленген долбоор иштелип чыгып, мыйзам чыгаруу органынын иши заманбап техникалар менен жабдылат.

Жолугушууда Жогорку Кеңеш санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев ишке ашырылып жаткан долбоор парламенттин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого жана депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышын чыңдоого өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш KOICA менен жетишилген келишимдин өз убагында аткарылышына кызыкдар экендигин белгилеген Алайбек Алымбаев өнөктөштөрдү жана Аппарат кызматкерлерин жигердүү иштөөгө чакырды.

Муну менен катар долбоорду ишке ашырууда Жогорку Кеңештин регламентинин жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын талаптарын эске алуу керектигине токтолду.

Ошондой эле жолугушууда долбоордун ишке ашыруучу топтун жетекчиси Юн Квон аткарылчу иштердин планын тааныштырып, жасала турган жумуштар туууралуу кеңири маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий