• 88.68
  • 95
  • 0.95

Депутаттар Ош шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорлору менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттарынын көчмө жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Иш-чаранын алкагында шаардын суу түтүктөрүн реконструкциялоо долбоору, тактап айтканда, сел суулары дарыяга киргенге чейин сууну алуу үчүн суу алгычты дарыянын жогору жагына өткөрүү боюнча АӨБ долбоору менен таанышты. Бул долбоордун баасы 3 млн долларды түзөт.

Шаар мэри Алмаз Мамбетов да нөшөрлөп жааган жамгырда калаа тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин толук чечүү үчүн адистер заманбап сууну тазалоочу мембраналык системаны орнотууну сунуштап жатканын баса белгиледи. Анда Папан суу сактагычындагы сел учурунда булганган сууну тазалай турган ультра фильтрация технологиясы иштейт.

Өз кезегинде депутаттар бул долбоорлорду колдоорун айтып, бул идеяларды эл аралык жана бейөкмөт уюмдар арасында сунуштоо зарылдыгын белгилешти. Учурда “Данги” участкасындагы башкы суу алуучу жайды жана Ош шаарындагы таза суу түтүктөрүн курууга экинчи жолу кайрадан тендер жарыяланган. Биринчи жолу жарыяланган тендер катышуучу компаниялар квалификациялык талаптарга жооп бербегендиктен жараксыз деп табылган.

Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын жээктерин санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча долбоордун биринчи этабынын презентациясы болду. Учурда бул долбоор боюнча иштер 40% бүттү.

Эл өкүлдөрү аталган долбоорду Ош шаарынын тургундарынын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий