• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда муктаждарга бекер көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун район-шаарларындагы социалдык коргоо башкармалыгынын каттоосуна алынган 1 миң 860 үй-бүлөгө бир тоннадан бекер көмүр бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара кыш мезгилинде аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көмүргө болгон муктаждыгын жоюу максатында уюштурулган. Жардам көрсөтүү облус башчысы Абсаттар Сыргабаевдин демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу астында ишке ашырылган.

Көмүр Сузак районунда – 800, Базар-Корогон районунда – 450, Ноокен районунда – 422, ал эми Жалал-Абад шаарындагы – 188 жашоо-шарты оор үй-бүлөгө таратылган.

Пикир

Оставить комментарий