• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР Улуттук курама командасы Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатта катышууда

Спорт 0

Бишкек, 05.09.17. /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Кыргызстандын армрестлинг боюнча курама командасы Венгрияда өтүп жаткан дйнөлүк чемпионатта катышып жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпионат Будапешт шаарында 2-сентябрда башталды, мелдеш 11-сентябрга чейин уланмакчы.

Кыргызстандын курама командасы:

-Өткүр Аскат уулу 2001-ж., кадет;
-Шахман Сулейманов, 1997-ж. кенже;
-Зулумбек Кайгыров 1973-ж. мастер;
-Анатолий Сахаров 1954-ж., гранд мастер;
-Сергей Чиналиев 1957-ж., гранд мастер;
-Бакытбек Калиев 1970-ж., ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген;
-Мурзакул Исабеков 1970-ж., ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген;
-Урматбек Босумбаев 1976-ж., ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген;
- Автандил Апитаев 1984-ж., ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген;

Жеенбек Мукамбетов 1956-ж., машыктыруучу.

Армрестлинг боюнча дүйнөлүк чемпионат- ири эл аралык армрестлинг боюнча беттеш. Жыл сайын Дүйнөлүк Армрестлинг Федерациясынын (World Armwrestling Federation) колдоосу менен өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий