• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдарбеков Азербайжандын элчиси Оружев менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Кечээ, 26-август күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Гидаят Оружевди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланган.

Тараптар ушул жылдын октябрь айында Азербайжанда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 7-Саммити, ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапар боюнча сүйлөшүшкөн.

Жогоруда аталган иш-чаралардын уюштуруу жана мазмундуу бөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара умтулуусун билдирген. Бул контексттен алганда, кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүүнүн, ошондой эле Кыргызстанда Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп менен парктын курулушунун деталдары талкууланган.

Маалымат катары: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши –мамлекеттер аралык уюм. Анын башкы максаты түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкка көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кеңештин негиздөөчүлөрү жана азыркы мүчөлөрү Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия болуп эсептелет. Азыркы учурда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинде Кыргыз Республикасы төрагалык кылат.

Пикир

Оставить комментарий