• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш балдарды үйүнө жеткиришти

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Бишкекте кызматкерлери адашып жүргөн жаш балдарды үйүнө жеткиришти.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 2021-жылдын 31-июлунда Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 20:10 чамасында Дордой базарынын түндүк тарабындагы чоң айланма жолунда эки жаш бала жүргөндүгүн байкашкан. Кызматкерлерге 4,5 жаштагы эки бала үйүн таппай адашып кеткендиктерин айтышкан.

Кайгуул кызматкерлери жаш балдарды кызматтык унаага отургузуп, аз убакыттын ичинде жашаган дарегин тактап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

Үйүнө барган учурда жаш балдардын ата-энелери үйдөн ойноп чыгып кеткендигин айтып, издеп жаткандыгын билдирип, кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Милициянын кайгуул кызматынын Бас

Пикир

Оставить комментарий