• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркияга жардам. Кыргызстандан 6 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар катуу жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жашоочулары үчүн 6 тонна гуманитардык жардам (кышкы кийимдер, жууркандар, жаздык, памперс жана башкалар) чогултту.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, чогулган гумжардам "Түрк авиалиниялары" жана "Пегасус" авиакомпаниялары аркылуу жөнөтүлдү.

"Биз кыргыз элине, өкмөтүнө жана Кыргызстандагы диаспораларга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, элчиликте гуманитардык жардам чогулту боюнча иштер уланууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондор 20 миңден, жабыркагандар 80 миңден ашты.

Пикир

Оставить комментарий