• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майыптыгы бар адамдар үчүн «Жеткиликтүү өлкө» программасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. 2023–2030-жылдарга Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасы бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечим КР министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Бул документ майыптыгы бар адамдарды жана калктын башка аз мобилдүү топторун колдоого алуу максатында иштелип чыгып, кабыл алынган, бул катмарга калктын 3% жакынын түзгөн – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, 5% жакынын - улгайган жарандар жана 12 жашка чейинки балдар (болжол менен 29,2%) кирет.

Майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасы төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

- ИЭК элементтерин киргизүү менен медициналык-социалдык экспертизаны өркүндөтүү;

- Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялоо, абилитациялоо жана эртелеп кийлигишүү тутумдарын өнүктүрүү;

- Майыптыгы бар адамдардын иш менен камсыз болушуна жана эмгек рыногун өнүктүрүүгө шарт түзүү;

- Майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн "универсалдуу дизайн" жана "акылга сыярлык ылайыкташтыруу” принциптерин киргизүү жолу менен жеткиликтүү чөйрөнү калыптандыруу;

- Майыптыгы бар адамдар жана башка калктын башка аз мобилдүү топторуна кызмат көрсөтүүдө, протездик-ортопедиялык тутумду жакшыртууну өнүктүрүү;

- Майыптыгы бар адамдар үчүн билим берүү чөйрөсүнүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, инклюзивдик билим берүү (мектепке чейинки, милдеттүү башталгыч жана орто билим берүү) тутумун өнүктүрүү, кесиптик билим берүү жана аларды иш менен камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий