• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров “Мир” телеканалына эксклюзивдүү маек берди

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Мир” мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясына эксклюзивдүү маек берди.

“Мир” каналынын директорунун орун басары Екатерина Абрамова менен болгон баарлашууда министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн 2022-жылдын жыйынтыгы жана 2023-жылга карата пландары менен бөлүшүп, мамлекеттин өткөн жылдагы негизги жеңишин атады. Ошондой эле, 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарында Кыргызстандын төрагалыгы кандай болгонун жана 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылууда кандай иштер аткарылаары тууралуу айтып берди.

Баарлашуу учурунда Акылбек Жапаров мектеп жылдарын жана алгачкы мугалимин эскерди, ошондой эле, бош убактысын неберелери менен кантип өткөрөрүн айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы менен болгон маекти шилтеме аркылуу көрсөңүз болот:

https://mir24.tv/news/16544707/eksklyuzivnoe-intervyu-akylbeka-zhaparova-telekanalu-mir

Пикир

Оставить комментарий