• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын делегациясы Финляндияда бир катар жолугушууларды өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген Кыргызстандын делегациясы Финляндияга жумушчу сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Жукка Саловаара, Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинин башкы директору Маржа Лиивала менен жолугушуулар болду.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун актуалдуу маселелерин, санариптештирүү, курчап турган чөйрөнү коргоо, жашыл энергетика, билим берүү долбоорлорун жана укук үстөмдүгүн бекемдөө жаатындагы демилгелерди өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду жана өлкөнүн өнүгүү саясатын колдоо багыттарын талкуулашты.

Делегация ошондой эле Социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо министрлигинде жолугушууларды өткөрүп, Финляндиянын саламаттыкты сактоо жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү тармагындагы акыркы реформаларынын тажрыйбасы менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, Финляндия билим берүү, саламаттык сактоо тармагында лидер жана адамдык өнүгүү индексинде биринчи орунда турат.

«Министрлер Кабинети Финляндиянын адамдык капиталды өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жаатындагы алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүүгө жана ишке киргизүүгө кызыкдар», - деди Эдил Байсалов.

Ошондой эле делегация Финляндиянын Соода-өнөр жай палатасына барып, анда ишкер чөйрөлөрдүн алдыңкы өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү жана медициналык жабдуулар жана медициналык коштоочу программалык камсыздоо боюнча сунуштар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий