• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто опузалап 14,5 миң доллар талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн «Женго» каймана аты бар К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Г.У.Н. жана Н.А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган кылмышты жасагандыгы боюнча мурда Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалган, бирок Г.У.Н. жана Н.А.А. кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Бишкек жана Ош шаарларында жашырынып жүрүшкөн.

Г.У.Н. жана Н.А.А. мурда бир нече жолу соттолуп, жаза мөөнөтү аяктай электигине байланыштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №43 колониясында каттоодо турушкан.

Кармалган Н.А.А. колонияга каттоого туруктуу келбегендигине байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.

Азыркы учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий