• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арзыбек Кожошев ЕЭК министри Варос Симонян менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Варос Симонян менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жалпы рынокторду бекемдөө маселесин, ошондой эле интеграциялык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн ички рыногундагы тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу боюнча Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Министр Варос Симонян 2019-2021-жылдарга Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюунун жүрүшү тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин төрагасы Арзыбек Кожошев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылуусунун артыкчылыктуу багыттарынын бири тоскоолдуктарды жоюу иштери болуп саналат.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын уюмга төрагалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын президентинин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуусунда негизги артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген тоскоолдуктарды тез арада жоюу жана алардын кайра пайда болушуна каршы туруудагы натыйжалуу чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Отурумдун жыйынтыгында Арзыбек Кожошев 2019-2021-жылдар аралыгында биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюунун жүрүшү жөнүндө бул отчетто камтылган маалыматты Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумунда угууну сунуштады. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны ушул жылдын 27-майында Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий