• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Минкаб башчысы Дүйнөлүк банктын делегациясы менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде башында турган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Минкаб башчысы Дүйнөлүк банкка Кыргызстанды өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, каржы институту мамлекеттин маанилүү өнөктөшү экенин кошумчалады.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарын белгилеп, 2022-жылы өлкөнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун натыйжасында экономикалык активдүүлүк жанданып, 2022-жылдын январь-августунда экономиканын оң тенденциясы 8% деңгээлинде өсүү байкалганын кошумчалады.

Анын айтымында, салыктык тескөөнүн натыйжалуулугу, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуу аркылуу жогорулап, салыктык башкарууну жакшыртуу аракеттери менен катар министрлер кабинети жеке секторду колдоо маселесине олуттуу көңүл буруп, төрт банктык өнүктүрүү институту аркылуу каржылоону бөлүүнү пландаштырууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы артыкчылыктуу милдеттердин бири өлкөнүн аймактарынын, айрыкча, Баткен облусунун экономикасын ар тараптуу өнүктүрүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банк тобу менен Кыргызстандын ортосундагы Беш жылдык алкактык өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун башка маселелери талкууланды.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди жана Беш жылдык алкактык өнөктөштүк программасын сапаттуу иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров документте агроөнөр жай комплекси, туризм, жеке секторду колдоо, транспорт жана энергетика, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары долбоорлору сыяктуу кызматташтыктын багыттарына басым жасалышы керектигин белгиледи.

“Ошол эле учурда, санариптештирүү, жашыл экономика, адам капиталын өнүктүрүү - саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун алкагында өткөн максаттар катары көргүм келет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий