• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Тармактык программалар, концепциялар карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. Карапайым элдин кызыкчылыгына багытталган тармактык программалар жана концепциялар иштелип чыгып жана ишке ашырылышы керек. Бул туурасында КР министрлер кабинетинин жыйынында Акылбек Жапаров билдирди.

"Министрликтердин жана башка административдик ведомстволордун жетекчилери мамлекеттик органдарда көптөн бери калыптанып калган коррупциялык схемаларды аныктоо жана аны жоюу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүшү керек. Бул сиздердин негизги милдетиңиздердин бири", - деп Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле календардык жыл ичинде Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдардын демилгеси менен иштелип чыккан көптөгөн тармактык программалар жана концепциялар каралып, бекитилип жаткандыгын белгиледи.

«Бул сыяктуу документтер карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн күндө гана иштелип чыгып жана бекитилиши зарыл. Тескерисинче болсо, мындай программа жана концепциялардын пайдасы жок», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий