• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияга жардам. Эмгек министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандарга боз үйлөрдү берди

Коом 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга эки боз үй берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Ошондой эле, министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери түрк элине жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которуп беришти.

Белгилей кетсек, Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат топтоо үчүн Кыргызстанда бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Мындан тышкары, өлкөнүн ар бир аймагында жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары уюштурулган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий