• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматы жаңы унаалар менен толукталды

Коом 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы жаңы кызматтык унаалар менен толукталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле жарандардан “102” линиясы боюнча келип түшкөн чакырууларды ыкчам жана сапаттуу тейлөө максатында 20 даана жаңы 2019-жылы чыккан “ Ravon Nexia” үлгүсүндөгү автоунаалар менен толукталды.

Азыркы учурда бул кызматтык автоунаалар электрондук планшет, унаага тиешелүү рация жана жол кырсыгы катталган жерде аны чийип, керектүү документке түшүргөн, тиешелүү буюмдары менен толукталган чемодан, андан башка керектүү кызматтык жабдуулар менен толукталып, бөлүнгөн жоопту кызматкерлерге бекитилип, шаар тургундарынын коомдук коопсуздугун жана жол кыймылынын коопсуздугун тейлөө максатында бөлүнгөн аймактарга кайгуулга чыгып кызматка киришти.

Пикир

Оставить комментарий