• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Агро-Диалог" республикалык агроөнөр жай форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун колдоосу менен "Агро-Диалог" республикалык агроөнөр жай форуму өтүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, форумда дыйкан, фермерлер айыл чарба тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, талкуунун жыйынтыгында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөрдү ала алат.

Форум - айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болуп саналат.

Анда айыл чарба тармагындагы көрүнүктүү лидерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу менен конференциялар, тематикалык сессиялар өтүүдө. Ошондой эле Б2Б аянтчасында кызыккан тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дароо келишимдерди түзүп жатышат.

Иш-чарага республиканын бардык облустарынан дыйкандар, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр чогулду.

Иш-чара үч күн үч багытта өтөт:

26 жана 29-февраль: Мал чарбасын өнүктүрүү:

- эт тармагын өнүктүрүү жана жаңы рынокторго чыгуу (экспортерлор, кайра иштетүүчү ишканалар, өндүрүүчүлөр);
- Кыргызстанда үй канаттуулар чарбасын өнүктүрүү;
- заманбап аквакультура жана анын балык чарба комплексиндеги ролу;
- жүн, тери өндүрүшүн жаңы технологиялар менен өнүктүрүү;
- аарычылыкты өнүктүрүү;

Аталган темаларда сессиялар уюштурулуп, жыйынтыгында кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлөт.

27-февраль жана 1-март: Дыйканчылыкты өнүктүрүү:

- кант кызылчасынын аянтын көбөйтүү менен тармакты өнүктүрүү;
- жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн рыногунун келечеги;
- картошка тармагын интенсивдүү өнүктүрүү;
- май өсүмдүктөрү тармагын өнүктүрүү;
- Кыргызстандын айыл чарбасындагы дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн ролу;
- жүгөрү өндүрүшүн өнүктүрүү деген темаларда сессиялар уюштурулуп, жыйынтыгында кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлөт.

28-февраль жана 2-март: Багбанчылык жана мөмө-жемиш өстүрүүнү өнүктүрүү:

- мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өнүктүрүү;
- мөмө-жемиштерди өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча ыкма;
- өлкөдө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү темаларда сессиялар уюштурулуп, жыйынтыгында кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлөт.

Белгилей кетсек, иш-чара 26-28-февраль күндөрү Бишкек шаарындагы "Жаннат" мейманканасында өтөт. Ал эми 29-февралдан 2-мартка чейин Ош шаарындагы "Жаннат" мейманканасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий