• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

9-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.02.19 /Кабар/. Эртең, 9-февралда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -13…-18 градус болот.

Чүй жана Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -2…-7, Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8 градус суук болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11°,, күндүз 2…4 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий