• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Канат Жумагазиев Чүй облусунун жылуулук тутумун өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев райондордун акимдери жана шаар мэрлери менен видео-байланыш аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык маселелери талкууланды.

Президенттин өкүлү Бишкек Жылуулук электр тармагындагы аварияга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, жергиликтүү бийлик жетекчилерине жылуулук берүү системасын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырып, Токмок, Кант, Кара-Балта, Орловка, Шопоков, Кемин, Кайыңды жана башка калктуу конуштардагы буу казандарынын абалына өзгөчө көңүл буруу керек экендигин эскертти.

Мындан тышкары, облустун социалдык объектилерин текшерүүнү маанилүү багыт катары белгилеп, акимдерге жана мэрлерге жабдуулардын оң абалда болушун жеке өздөрү камсыздоосун тапшырды.

Жыйындын максаты облустун жылуулук менен камсыздоо системасынын ишенимдүү иштешин камсыздап, калк үчүн ыңгайсыздыктарды алдын алууга багытталган.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, кырсыкка байланыштуу буга чейин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев чет өлкөдөгү иш сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкекке кайтып келишкен.

Президент Садыр Жапаров ЖЭБдеги абалды жеке көзөмөлүнө алып, кийин ЖЭБди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий