• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз ССРинин элге билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери Мира Ботбаева дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 15.02.20./Кабар/. Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус чоң жоготууга учурады. 2020-жылдын 15-февралында профессор, Кыргыз ССРинин Элге билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери Ботбаева Мира Махмутовна мезгилсиз дүйнө салды.

Ботбаева Мира Махмутовна 18-октябрда 1927-жылы Кыргыз ССРинин Жалал-Абад областына караштуу Токтогул районунун Музтөр айылында төрөлгөн.

​ 1956-жылы ал Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана топурак таануу факультетин аяктап, орто мектептин биология жана химия мугалими адистигине ээ болгон.

1985-жылы СССРдин ЖАК тарабынан профессор илимий наамы ыйгарылган.

М.М. Ботбаеванын 40ка жакын эмгектери: монографиялары, окуу китептери жана окуу-методикалык адабияттары, ошондой эле 150 илимий макалалары кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн.

Мира Махмутовнанын эмгек жолу 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарында, Токтогул районундагы Сталин атындагы (кийинчерээк Токтогул Сатылганов атындагы орто мектеп) орус мектептин 9-классын бүткөндөн кийин башталган.

М.М. Ботбаева Чаткал, Ат-Ойнок тоо кыркаларынын, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн флорасы жана өсүмдүктүүлүгү боюнча бир нече изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча илимий макалаларды, монографияларды чыгарган.

1964-жылдан баштап, Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетинин деканы болуп иштеген. 1967-жылы Мира Махмутовна Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна ректор болуп дайындалган.

Мира Махмутовна 1973-жылы Фрунзе шаарындагы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер пединститутуна илим боюнча проректор кызматына которулган. 1993-1999-жылдары ушул окуу жайындагы биология кафедрасын жетектеген.

Ал республикадагы Талас жана Жалал-Абад педагогикалык институттарынын кайрадан түптөлүшүнө өзүнүн салымын кошкон.Педагогикалык жана илимий ишмердүүлүктөн башка окуу жайдын коллективинин жана Республиканын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан: Кыргызстандын педагогикалык илим-изилдөө институтунун алдындагы координациялык Кеңешке мүчө болгон, райондук, шаардык, областтык жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин эки жолкудепутаты болуп шайланган.

Кыргыз ССРинин жогорку окуу жайларынын ректорлор кеңешинин мүчөсү болгон. (Минвуз ССР №158 28.02.1973г.). Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин илимий-техникалык кеңешиндеги биология секциясынын төрайымы болуп иштеген (1975-жыл). «Эл агартуу» журналынын редколлегиясына (Минвуза КиргССР 31.01.77) жана Кыргыз Совет энциклопедиясынын редакциялык кеңешине мүчө болгон.

Кыргызстан Компартиясынын15-съездине,Республикалык жана Бүткүл союздук мугалимдердин съездине делегат болуп шайланган.

Мира Махмудовнага 1990-жылы Кыргыз ССРинин Элге билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган. Ал эми 2002-жылы “Даңк” медалы, ошондой эле түзүмдөр аралык бир нече медалдарынын ээси.

Мира Махмутовнанын эрудициясы, билими, илимге жана жаш муундарды тарбиялоого өтө берилгендиги, принципиалдуулугу, илимий-педагогикалык жетишкендиктери аны республикадагы көрүнүктүү илимпоз-ботаниктердин, систематиктердин, геоботаниктердин, педагогдордун катарына чыгарган.

Мира Махмутовнанын жаркын элеси жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталып калат. Үй-бүлөсүнө, балдарына, неберелерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Исаков К.А., Ташиев Ж.А., Омуров Н.К., Джусупбекова Н.С., Мусаев А.И., Садыков К.Ж, Абдырахманов Т.А., Джаманбаев М.Дж.,Абдыкалыков А.А., Иманалиев Т.Т., Кудайбердиева И.О., Рысмендеев Б.Дж, Нургазиев Р.З.,Бийбосунов А.К., Чотонов М.М., Адиева А.А., Бегалиев М.А., Кулмурзаев А.А., Садыков Т.С., Нифадьев В.И., Акматалиев А.А., Кыдыралиев А.Т., Осмонкулова Г.О., Адамкулова Ч.У., Шаршембиев Р.Ы., Курманов У.Э., Маралбаев А.О., Кожобеков К.Г., Абидов А.О., Зулуев Б.М., Райымбаев Ч.К., Токторов Э.А., Усенов К.Ж., Зулпуев А.М., Абдылдаев К.К., Сияев Т.М....

Ботбаева Мира Махмутовна менен коштошуу зыйнаты 2020-жылдын 17 - февралында саат 10.00дө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болот.

Пикир

Оставить комментарий