• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдарбеков Литва, Катар жана Кувейттин тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.02.20. /Кабар/. 14-февралында Мюнхен коопсуздук конференциясына катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Литва, Катар жана Кувейттин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштерин министрлигинен билдиришти.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичус менен болгон жолугушууда тараптар эки тараптуу кыргыз-литва мамилелери ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгилешкен. Ошондой эле тараптар, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары күчтөндүрүү үчүн өлкөлөр ортосунда жакшы дарамет бар экенин, парламенттер аралык байланыштар жолго коюлганын, аларды кеңейтүү жана бекемдөө зарылдыгы айтылган.

Литва тарап 2020-жылдын жай айында Бишкекте өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна катышууга кызыкдар экенин билдирген.

Иш-чаранын алкагында Айдарбеков Кувейттин тышкы иштер министри Ахмад Насер аль-Мухаммад аль-Ахмад аль-Жабер аль-Сабах менен жолугушуп, анда тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган аймактык жана эл аралык күн тартиптеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышкан.

"Кыргыз-кувейт эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө маселеге карата тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги сапарларды интенсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилешип, эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтеринин багыты боюнча бир катар башкы иш-чараларды өткөрүүнүн даталарын макулдашышты", - деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле Чыңгыз Айдарбековдун Катар Мамлекетинин премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдульрахман Аль Тани менен жолугушуусу болуп өткөн.

"Жолугушууда кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгынын маселелери жана аны өнүктүрүүнүн келечектери талкууланды. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий диалогдорду активдештирүү жолу менен эки жана көп тараптуу форматтарда конструктивдүү диалогду мындан ары тереңдетүү зарылдыгын билдиришти. Эки тарап өлкөнүн экономикасына катардык инвестицияларды тартууга, эң жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүүгө, экономикалык жана маданий-гуманитардык, туризм чөйрөлөрүндө мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдарлык бар экенин белгилешти", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий