• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө эффективдүү каршы күрөшүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Баңгизаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борбордук азиялык регионалдык маалыматтык координациялык борборунун (ЦАРИКЦ) Директору Рустам Азиз Мирализода менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө региондо жана анын чегинен сырткары баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө эффективдүү каршы күрөшүү чөйрөсүндө ЦАРИКЦтин ишинин маселеси каралды.

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын менен ЦАРИКЦтин, анын башка катышуучулары, эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен ишке ашырып жаткан долбоорлор жана программалар, ошондой эле документтердин долбоорлору боюнча өз ара аракеттенүү механизмине өзгөчө көңүл бурулду.

Министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Борбордун ишмердүүлүгүн жандандырууга жана ЦАРИКЦтин негизи документтерине ылайык анын кадрларын Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен камсыз кылуунун зарылчылыгына басым жасоо менен көңүл бурду.

ЦАРИКЦтин директору Рустам Азиз Мирализода Кыргызстан менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнү, айрыкча 2016-жылдан баштап 14 баңгизатка каршы операцияларды белгиледи.

Учурдан пайдаланып Рустам Азиз Мирализода кыргыз тарабына кызматташтык үчүн ыраазычык билдирди, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында мындан аркы активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий