• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Франк-Вальтер Штайнмайерди Германиянын биримдик күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Германия элин жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди Германиянын биримдик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы Германия элин Германиянын биримдик күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасына дайыма көрсөтүп келген жардамына ыраазычылык билдирем жана кызматташуунун түрдүү чөйрөлөрүндө мындан ары тыгыз карым-катнаштарга ишенем.

Биздин мамлекеттердин өнөктөштүк жылдарында Германия менен Кыргызстандын ортосунда кызматташууну бекемдөөгө кошкон Сиздин жеке салымыңызды биз жогору баалайбыз.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Федералдык Президент мырза, Сизге ыңгайлуу убакытта Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматында мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Германия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий