• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бажы кызматы жыл башынан бери былтыркыга салыштырмалуу 10 млн. сом азыраак акча тапты

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдын 9 айында былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу азыраак акча тапты.

Ачык бюджет сайтында маалымдалгандай, бажы кызматынын 2018-жылдын январь айынан октябрга чейинки кирешеси 120 миллион 382,98 миң сомду түзгөн.

Классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнө төлөмдөрдөн түшкөн киреше 39 миллиард 862 миллион 189 миң 5 сомду түзгөн. Изилдөө, анализ, баалоо жана экспертиза боюнча көрсөтүлгөн классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм – 13 миллион 953 миң 92 сомду, товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык коштоо үчүн төлөм 80 миллион 506 миң 467,1 миң сомду түзгөн.

Былтыркы жылдын ушул мөөнөтүндө ведомство 130 миллион 288 миң 813,33 33 сом тапкан.

Пикир

Оставить комментарий