• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев 26-октябрга чейин камакта калды

Коом 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калды.

Мындай чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Белгилей кетсек, Атамбаев 8-августта кармалган. Андан кийин Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Учурда Атамбаев бир нече иш боюнча шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий