• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Түндүк – Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 3 жылдан кийин аяктайт

Коом 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. "Түндүк – Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 2022-жылы аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Замир Искаков билдирди.

Анын айтымында, "Түндүк – Түштүк" альтернативдик жолу 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи фазада 150,9 чакырым жол жана 3,8 чакырым тоннель (Көк-Арт тоннели) куруу каралган.

Экинчи фазадагы жолдун узундугу 99 чакырымды түзөт. Жалпы узундугу 1 миң 472 метрди түзгөн эстакадалык көпүрө да курулат.

Үчүнчү фазадагы жолдун узундугу 69,7 чакырымды түзөт. Аны 2022-жылы аяктоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий