• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

21-25-августка карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. 21-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-август күнү күндүз жана 22-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-августа күндүз жана 23-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

23-августта күндүз жана 24-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

25-августта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

25-августта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-24-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий