• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо боюнча тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде КыргызпатентКыргыз Республикасында селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо” аталышында тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун базасында уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын, илимий-изилдөө институттарынын, селекционерлердин, үрөнчүлүк жана мал чарбачылык ассоциацияларынын, Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын өкүлдөрү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары Исламбек Мойдинов ачып берди.

Баяндамачылар селекциялык жетишкендиктерге укуктук документ алуу, мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаӊы сортторун чыгаруу жана күнөсканада өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн натыйжалуулугу тууралуу маалыматтарды беришти.

Катышуучулар тарабынан селекциялык жетишкендиктерди коргоо маселелери, ушул жаатта коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча суроо-жооп түрүндө талкуу жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий