• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 16.02.20. /Кабар/. Күн мурун, 15-февраль күнү Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 31 жылдыгына арналган аза күтүү болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаардык тургундар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди үн чыкпай эскеришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн, Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылганын 31 жылдыгынын урматына бир нече интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Мындан тышкары, Афганистан жеринен кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө мэриянын стипендиялары ыйгарылды.

Ошондой эле, жаш жоокерлер Ооган жеринде курман болгон интернационалист жоокерлердин жаркын элестерине аскердик урмат көрсөтүп, салтанатту марш менен өтүштү. Жыйынтыгында жоокерлердин арбактарына куран түшүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий