• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Интимдик кызмат көрсөткөн интернет топтордун уюштуруучулары кармалды

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Интимдик кызмат көрсөткөн интернет топтордун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттарды таратууга жана интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюунун алкагында, жогорку кызматтагы аткаминерлерге, бардар жарандарга, ишкерлерге эскорт жана интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 20-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин "Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Ата районунун Интернациональное айылынын аймагында мессенджерлер аркылуу интим жана эскорт кызматтарын көрсөткөн “Whatsapp” жана “Telegram” мессенджерлеринин чат администраторлору кармалды.

Аталган интернет чаттарында “Instagram” жана “Tik Tok” социалдык түйүндөрүндө популярдуу болгон 18 жаштан 25 жашка чейинки 15ке жакын модель кыздар жана 300-5000 доллар акчалай акыга интимдик кызмат көрсөткөн сулуулар сынагынын катышуучулары тартылган. Жогоруда аталган администраторлор кыздарды коңушу өлкөлөргө: Алматы (Казахстан Республикасы), Дубай (БАЭ), Анкара жана Стамбул (Түркия) шаарларына интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн жиберип турушкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында А.О.В жана Р.О.Ю. аттуу КР жарандары кармалып, алар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы отелдерде эскорт кызматкерлери Б.С.В., Ю.М.И. өздөрүнүн У.Ш.И. жана Ю.И.В. аттуу кардарлары менен кармалды.

Учурда УКМК тарабынан мындан башка ушуга окшогон топтордун уюштуруучуларын, ошондой эле мыйзамсыз интим кызматын көрсөткөн кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий