• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте №62 билим берүү комплексинин жаңы имараты ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №62 билим берүү комплексинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы окуучуларды, ата-энелерди жана мектептин мугалимдерин 1500 окуучуга ылайыкташкан жаңы имараттын ачылышы менен куттуктады.

«Президент Садыр Нургожоевич шаардын мектептерге болгон муктаждыгын эске алып, Бишкек шаарына жаңы мектептерди, кошумча имараттарды куруу жана жаңы имараттарды ачуу боюнча тапшырмаларды берди. Буга чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпусу жайгашып, натыйжасыз пайдаланылган бул жерге мамлекет башчы былтыр 7-июлда келген. Тез арада имаратты Бишкектин балансына өткөрүп, капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндөн тартып бул имарат №62 мектептин экинчи корпусу катары пайдаланылат. Бишкекте 3 жылдын ичинде 42 билим берүү мекемесин курдук: 26 мектеп, 16 бала бакча. Ошондой эле 180 орундуу №19 бала бакчанын курулушу жүрүп жатса, 280 орундуу №21 бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат жана мектептердин курулушу уланууда. Бул жаңы имаратта башталгыч класстын 1500 окуучусу окуйт. Мындан тышкары, билим берүү мекемесинде 6 жаштагы балдарды мектепке чейин даярдоо каралган. Имаратта окуу кабинеттери, спорт зал, бий залы, китепкана, ашкана, заманбап спорт аянтчалары бар. Мектепти оңдоо иштерине жана толук жабдылышына бюджеттен 227,7 млн сом бөлүндү», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкө Президентинин тапшырмасы боюнча жакынкы аралыкта балдарды бала бакча менен камсыз кылууну 40%га чейин жеткирүү зарылдыгы турганынын айтты. Бул багытта өткөн жылы бала бакчалар үчүн “Өкмөттүк акселераторлор” программасы ишке кирген. Мындан тышкары, 1 нөөмөттө окутуу жүргүзүлгөн мектептерде бала бакчалардын кыска мөөнөттүү топторун ачуу пландалууда. Бул мекемеде бала бакча форматында 80 бала тарбияланат.

«Билим менен гана бийиктикке жетесиң. Биздин балдар 4 тилди: мамлекеттик, расмий, англис жана интернеттин тилин билиши керек. Мектепти аяктагандан кийин балдар жашоодо ийгиликке жетүү үчүн белгилүү бир жөндөмгө ээ болушу керек. Андыктан мугалимдердин алдында чоң амбициялуу милдеттер турат”, - дейт Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий