• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Манас” эл аралык аэропортунда жаңыланган бизнес-зал ачылды

Коом 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунда жаңыланган бизнес-зал ачылды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бизнес-зал 81 адамга ылайыкташкан, эл аралык каттамдарды аткарган авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрү үчүн жеткиликтүү. Бизнес-зал аэропорттун стерилдүү зонасында үчүнчү кабатта жайгашкан.

Бизнес-залдын кызматтарынын тизмеси:

  • Аэропорттогу каттамдар тууралуу маалымат берүү;
  • Жогорку денгээлдеги ыңгайлуу жумшак эмерек, күтүү бөлмөсү баардык шарттары менен;
  • Бардык жуунучу жабдыктары менен жуунучу бөлмө;
  • Бар жана сувенир дүкөнү (өзүнчө акы);
  • Шаардык телефон байланышы менен камсыз кылуу;
  • Орус жана англис тилдеринде иллюстрацияланган журналдарды берүү;
  • Намаз бөлмөсү;
  • Акысыз Wi-Fi интернет;
  • «Шведдик стол» закускалардын жана суусундуктардын түрлөрү менен.

«Манас» эл аралык аэропортундагы «Бизнес-Зал» ЖЧКсынын бизнес-залында жүргүнчүлөрдү тейлөө тарифтери (накталай төлөм, накталай эмес төлөм кабыл алынат) Тариф ( КНС жана СТС менен бирге АКШ доллары).

Бизнес-зал тиркемелерди колдонуу менен акысыз кирүү үчүн бир катар кошумча электрондук мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт: On Pass, Priority Pass, Lounge Key, Dragon Pass, TAV Passport, Dream Folks.

Пикир

Оставить комментарий