• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт башчы: Мамлекет калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылууну мерчемдеди

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Мамлекет бардык калктуу конуштарды жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз кылууну мерчемдеди. Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Төлөйкан айылындагы суу топтомонун ачылыш салтанатында билдирди.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков белгилеген «Таза Суу» долбоорун жүзөгө ашыруу мамлекеттин стратегиялык максаты болуп саналарын бегиледи.

«Бул жер-жерлерде элеттиктердин жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси, ансыз аймактардын өнүгүүсүн элестетүү кыйын. Жаштарды өз айылына жана шаарына кайтып келүүсүнө кызыкдар кылуу үчүн биз аймактарды өнүктүрүү, жеринде жумушчу орундарын түзүү, жаңы өндүрүштү ачуу ниетибиз бар. Бул үчүн жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу зарыл, анткени суу – бул өмүрдүн булагы», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев жакынкы жылдары комплекстүү программаларды жүзөгө ашыруу жолу менен мамлекет өлкөнүн бардык калктуу конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Өкмөт башчы республикадагы инфраструктуралык, ирригациялык, энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолуп, мамлекет аларды сапаттуу жана өз убагында аткарууга жетишүү максатын койгондугун баса көрсөттү.

Сөзүн жыйынтыктагандан кийин Мухаммедкалый Абылгазиев суу топтомонун чоргосун ачып, чогулгандарды жаңы суу объектисинин ачылышы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий