• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунда дем берүүчү гранттын эсебинен 25 долбоор каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 10 айына карата Баткен облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 45,3 млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, аталган каражатка 25 долбоор каржыланды. Алар:

- 6 мектепке – 8,5 млн сом;

- 13 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 27,5 млн сом;

- 4 маданий маанидеги объектиге – 5,9 млн сом;

- 2 бала бакчага – 3,4 млн сом жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий