• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда орточо айлык маяна 16 миң 586 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. 2019-жылдын 11 айында Кыргызстанда орточо айлык маяна 16 миң 586 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Анын айтымы боюнча, орточо маяна 2018-жылдын ошол эле мезгилине караганда 5,3%га өскөн.

"Орточо айлык маянанын артышы курулуш тармагында иштегендерде 11,9%, илим жана техника ишмердиги – 11,2%, мейманкана жана ресторан ишмердиги – 10,2%, кен казып алуу тармагында 10,1% болгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий