• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК 139 миңден ашык ишкердик объекттерди жана субъекттерди дислокациянын электрондук картасына киргизди

Экономика 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы электрондук жайгашуу картасына 139,4 миң ишкердик объекттерди жана субъекттерди киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаары боюнча – 53,5 миң, Ош шаары боюнча – 12,7 миң жана башка региондор боюнча – 73,2 миң объекттер жана субъекттер киргизилген.

Ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасы – бул ишкердик субъекттеринин жана объекттеринин жайгашкан жерлеринин электрондук базасы. Ал салыктык башкарууну өнүктүрүүгө, аналитикалык иштерди жакшыртууга, ошондой эле салыктык каттоосуз жана салыктарды төлөбөстөн экономикалык ишмердикти жүргүзгөн субъекттерди аныктоого багытталган.

Белгилей кетсек, "Ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасы" долбоорун ишке ашыруунун алкагында "Салык төлөөчүнүн паспорту (QR -код)" сервиси жана "Электрондук рейд" автоматташтырылган системасы киргизилген.

"Салык төлөөчүнүн паспорту (QR-код)" ишкердик субъектинин маалыматтык картасы болуп саналат. Бул сервис ишкерлердин ишин калк тарабынан контролдоону күчөтүүгө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган. Паспорт аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан экономикалык иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткан ар бир соода объектисинде, кире бериште, витринада же касса сыяктуу жалпыга жеткиликтүү жерде жайгаштырылат.

"Электрондук рейд" автоматташтырылган системасы салык текшерүүлөрүн жүргүзүү учурунда инспектордун иш процесстерин автоматташтыруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу, тобокелдиктерди эсептөө боюнча функцияларды аткарат.

Пикир

Оставить комментарий